БШК жашы жете электерди үгүт иштерине тарткан партияларды жана талапкерлерди жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарды

20 ноября 2021

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык, 18 жашка чыга электерге үгүт иштерин жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат.

19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында жашы жете электерди үгүт иштерине тартуу боюнча бир катар мыйзам бузуулар каралды:

1. БШКга Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат келип түшкөн, ага ылайык, 14-ноябрда Таш-Көмүр шаарынын орто мектептеринин окуучулары “Азаттык” саясий партиясынын Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүндө үгүт иш-чарасына катышкан. Укук коргоо органдары аталган иш-чарага жашы жете электердин катышуусу тууралуу маалымат берип, окуучулардын баш кийимдеринде жана аталган саясий партиянын символдору түшүрүлгөн желектери менен тартылган сүрөттөрү тиркелди.

БШК карап чыгуусунун жыйынтыгы боюнча «Азаттык» партиясы оозеки эскертүү алды, ал эми иш-чараны уюштурууга жооптуу болгон жана белгиленген бузууга жол берген, партиянын тизмесиндеги талапкер А.А. Раимжановго Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча айып пул тагылды (7500 сом).

 

  1. Бишкек боюнча УКМК ШБ БШКга тийиштүү материалдары менен маалымат берилди, ага ылайык, №28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Д.Бекешевдун үгүт ишмердигине жашы жете электер тартылган. Териштирүүнүн негизинде үгүт ишмердигине жети жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тартылгандыгы аныкталган, бул учурда  аталган адамдар талапкердин үгүтчүсү катары расмий түрдө катталган эмес. 

БШК жыйынында Д.Бекешев расмий үгүтчүлөрдүн арасында жашы жете электердин жокутугун жана каражаттар шайлоо фонду аркылуу гана чыгымдалып жаткандыгын айтты. Ошону менен бирге эле, ага үгүтчү катары иштеп берүүгө даяр экендигин билдирген көптөгөн жаштар кайрылып жаткандыгын билдирди.  

Шайлоо боюнча Д.Бекешевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Толонова өзүнүн сөзүндө талапкердин штабындагы уюштуруу иштери, анын ичинде үгүтчүлөрдү тартуу жана аларды каттоо иштери боюнча жооптуу ал экендигин билдирди. 

 

БШК шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү шартын бузгандыгы үчүн талапкер Д.Бекешевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Толонованы Бузуулар жөнүндө Кодекстин 44-беренеси боюнча (7500 сом) жоопкерчилигин карап чыгууну чечти. 

Ошондой эле БШК талапкердин штабына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузууга жол бербөө жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. 

  1. БШК ЫЧККТга «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын эки үгүттөө иш-чарасы тууралуу маалымат келип түштү, ага жашы жете электер тартылган. 

Укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2021-жылдын 4-ноябрында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин шайлоочулар менен үгүт жүргүзүү жолугушуусунун алкагында А.Мадумаров, И.Масалиев жана башкалар Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы Маданият үйүндө өткөргөн жолугушуусунда жашы жете электер катышкандыгы укук коргоо органдары тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Окуу жайларынын администрациясынын, педагогдордун жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрүнүн үгүттөө иш-чараларына жашы жете электерди тартууга катыштыгы бар экендиги аныкталган эмес.   

Мурун, 2021-жылдын 8-ноябрындагы Алай ОШКнын №5 чечими менен жашы жете электерди үгүт ишмердигине тарткандыгы үчүн Д.Б. Тургуналиевге 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. 

 

Ушуга окшош факты 2021-жылдын 6-ноябрында Өзгөн районунун ИИБ МКЖда катталган. Укук коргоо органдары тарабынан белгиленгендей, 2021-жылдын 6-ноябрында окуу жайдын окутуучулары административдик ресурсту пайдалануу менен Куршаб айылындагы стадиондо улуттук кийим кийген үч окуучу кызды катыштырып «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери А.Мадумаров менен жолугушууну уюштурган. Аталган факты боюнча М. Абдыманап уулуна Жоруктар кодексинин 87-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жорукту жасагандыгына шек саналып жаткандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды.      

Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына оозеки эскертүү берилди, ал эми аталган бузууларга жол бергендер Бузуулар жөнүндө Кодекс боюнча айыпка тартылды. 

БШК талапкерлерге жана саясий партияларга конституциялык мыйзам чендерин так аткаруу жана үгүт ишмердигине жашы жете электерди катыштырууга жол бербөө талабы менен кайрылды. 

 

Маалымат иретинде:

 «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, Жогорку Кеӊештин депутаттарынан тышкары, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан тышкары, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтагылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, дин ишмерлери, кайрымдуулук менен алектенген уюмдун уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга электер, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө, кандай гана үгүт материалы болбосун, аларды чыгарууга жана таркатууга укуксуз» - «КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренеси 15-б.