ЖМК арасында шайлоо мыйзамдарынын мыкты билерманы «Айсулуу» курама командасы болду

20 ноября 2021

Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана медиа эксперттер шайлоо мыйзамдарын, шайлоо процессин, жаӊы шайлоо тутумун билүүсү боюнча “Quiz Night” интеллектуалдык оюнуна катышты. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана КРдеги Шайлоо системаларынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү (IFES) тарабынан, USAID колдоосу менен, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында уюштурулган. 

Оюнга төмөнкү командалар катышты:   

  1. 89+билдирүү,
  2. Айсулуу" (Vesti.kg, Bulak.kg, Азаттык курама командасы),
  3. ПолитКлиника (сайт Политклиника),
  4. "Пресс-Хата" (медиа эксперттер, «Лица» интернет-гезити) командасы,
  5. Азаматтын периштелери (24.kg),
  6. Аксанат (Кечки Бишкек, медиа эксперттер),
  7. Кудалар (медиа эксперттер),
  8. Cosa Nostra (Медиа Манас, КЛООП),
  9. Өткөргүчтөр (Sputnik.kg, медиа эксперттер),
  10. Бек жана Амазонкалар («МИР» телеканалы),
  11. Азаттык,
  12. Тазалар (Информатор.kg),
  13. Next TV журналисттер командасы,
  14. Медиа Укук (медиа эксперттер, журналистика окутуучулары, КЛООП)

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директорунун м.а. Кит Симмонс журналисттерди өтүп кеткен майрамы – Кыргыз Республикасындагы Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. 

“Ушунча ММК өкүлдөрүнүн билимдерин сынашууга чогулуп отурганына мен таӊ калып жатам. Кыргыз Республикасында кесипкөй журналисттик маданияттын бекем пайдубалы түптөлгөн. ЮСАИД 20 жылдан ашуун убакыттан бери IFES, IRI аркылуу таза жана эркин шайлоолорду өткөрүүгө өбөлгө түзүп келген. Биз шайлоону ар кандай иш-чаралар, анын ичинде,  Quiz Night аркылуу өткөрүү демилгесин колдойбуз» - деди ал. 

Кит Симмонс ошондой эле өзүнүн суроолорун берип, жекече суроодо жеӊүүчүгө сыйлыгын тапшырды. 

Оюнда биринчи орунду “Айсулуу” командасы ээледи:

  1. Аманбеков Семетей (капитан)
  2. Тынаев Азамат
  3. Гладис Темирчиева
  4. Жылдызбек Керимбаев
  5. Болот Колбаев

Экинчи орун – “ Азаматтын периштелеринде”:

  1. Азиза Бердибаева
  2. Дарья Подольская
  3. Азамат Акенеев
  4. Камилла Валиева
  5. Махинур Ниязова

Үчүнчү орун –“Өткөргүчтөр” командасы:

  1. Таалай Ороскулов- команданын капитаны
  2. Назира Ахмедова
  3. Рыспек Токтоналиев
  4. Карина Ратзединова
  5. Эламан Карымшаков

Жеӊүүчүлөргө колонкаларды, чубалгысыз наушниктерди, ноутбуктар үчүн муздатуучу койгучтарды тапшырышты. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү