БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 6 арыз түштү

19 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-ноябрындагы жыйынында төмөнкү талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады:

- Төлөшов Тынчтыкбек Абдынадырович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

- Жумакадыр уулу Манасмин, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

- Иманкулов Эркин Токтаалиевич, №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

- Насырбеков Бакытбек Насырбекович, №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Темирбаев Мухаммед Минбаевич, № 8 Төлөйкан  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Мамаюнусов Абдыхалил Шадманович, № 3 Кадамжай  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Чечим М.Темирбаев, А.Мамаюнусов, Т.Төлөшовдун, М.Жумакадыр уулунун, Э.Иманкуловдун, Б.Насырбековдун шайлоого катышуудан баш тартуу жана мурда дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу арыздарынын негизинде кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү