БШК «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

19 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 19-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Адилет Али Мыктыбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө А. Али Мыктыбектин өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү