БШК «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

16 ноября 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Өмүрбеков Данияр Өмүрбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Д. Өмүрбековдун өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү