Нарындагы талапкерлердин жана партиялардын байкоочуларына добуштарды кол менен эсептөөнүн тартибин түшүндүрүштү

16 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаарындагы саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочулары үчүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо-2021. Талапкерлердин, саясий партиялардын байкоочуларынын шайлоолорго мониторинг жүргүзүү процесси” аттуу тренинг уюштурду.

Байкоочуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын тутумун Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссиясы), округдук шайлоо комиссиялары (ОШК), участкалык шайлоо комиссиялары (УШК)  түзө тургандыгы айтылды. Шайлоону 36 округдук шайлоо комиссиялары жана 2494 участкалык шайлоо комиссиялары өткөрөт.

Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт. Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот.

Тренингдин катышуучуларына шайлоо участкасында шайлоочулардын кыймылынын алгоритми, ошондой эле добуш берүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү. Ар бир шайлоочу өзү добуш берери, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбей турганы белгиленди.

Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын жабдылган башка жерде толтурулат.

Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жай шайлоо бюллетенин толтурууда шайлоочунун эркинин купуялуулугун жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын шайлоочунун аракеттерине көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен орнотулууга же даярдалууга тийиш. Добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү бөлмөсүндөгү адамдар шайлоо бюллетениндеги белгини көрбөй тургандай жакынкы атайын жабдылган добуш берүү кабинасынан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылышы керек.

Шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2 бюллетень берилет:

► бирөөндө - саясий партиялардын аталыштары чүчү кулак кармоо менен аныкталган тартипте көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округу үчүн жана аянттын сырткы сол тарабында номерленген 54 бош чарчы бар. Бош чарчынын номери талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин катар номерине туура келет;

► экинчисинде - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, чүчү кулак аркылуу аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлөт.

Байкоочуларга бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча добуштарды кол менен эсептөөнүн тартиби түшүндүрүлдү. Ошентип, бирдиктүү шайлоо округунда УШКнын мүчөлөрү ар бир саясий партия жана “Баарына каршы” позициясы боюнча белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын эсептешет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө, добуш берүүгө катышкан адамдар шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрүүсү жана угуусу үчүн аларды бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен үн чыгарып жүргүзүлөт.

Бюллетендерди ар түрдүү пачкалардан бир убакта эсептөөгө жол берилбейт. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетениндеги саясий партияга тиешелүү чарчыга тиешелүү белгини коюп, бирок талапкерлердин тизмесинен талапкердин катар номерине белги койбосо, же шайлоодон чыгып кеткен талапкердин чарчысына белги койсо, анда шайлоочунун добушу ушул саясий партиянын пайдасына эсептелет. Мындай добуштар өзүнчө эсептелет жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

 Ар бир саясий партия боюнча шайлоо бюллетендерин эсептөөнүн натыйжасында алынган жана "Баарына каршы" позициясы боюнча маалыматтар жарыяланып, бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

КР БШК Маалымат бөлүмү