Баткен шаарында талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочуларына добуштарды саноо жол-жоболору түшүндүрүлдү

16 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан шайлоого байкоо жүргүзүү процесси” деген тема боюнча тренинг уюштурду.

Окутуунун жүрүшүндө байкоочуларга шайлоого байкоо жүргүзүү процесси, байкоочулардын укуктары жана жоопкерчилиги түшүндүрүлдү. Атап айтканда, байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

  1. кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
  2. шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
  3. шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
  4. шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
  5. шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
  6. добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;
  7. шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;
  8. көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
  9. ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;
  10. добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө;
  11. шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө;
  12. шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө ж.б.

Ошол эле учурда,байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

  1. шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
  2. шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
  3. шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
  4. добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
  5. шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
  6. шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
  7. шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
  8. тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

Ошондой эле байкоочуларга шайлоо участокторун ачуу, анын ичинде добуш берүү үкөктөрүн добуш берүүгө даярдоо боюнча добуш берүүгө даярдоо жол-жобосу тууралуу маалымат берилди. УШКнын төрагасы УШКнын мөөрү коюлуп, бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үчүн бош үкөктөрдү (АЭУ) катышып олтурган баардык адамдарга көрсөтөт. Добуш берүүгө чейин контролдук барактар даярдалат, аларда шайлоо участогунун номуру; үкөккө салынган убактысы; УШК мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Ошол адамдар контролдук барактарга кол коюшат жана барактар УШКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. АЭУга контролдук барактар салынат.

УШК төрагасы ОШКдан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген бюллетендердин саны жөнүндө жарыялайт. УШК мүчөлөрү бюллетендерди кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, УШК төрагасы көрүп таанышуу үчүн берет. ОШКдан алынган бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазылат. бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо УШК төрагасы ведомость боюнча УШК мүчөлөрүнө, анын ичинде чүчүкулак боюнча бюллетендердин берилишине жооп берген УШК мүчөсүнө 100дөн даана берет.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу кеңири каралды. Байкоочуларга төмөнкүлөр түшүндүрүлдү: шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана бардык катышкан адамдардын алдында жарыя кылынат. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20дан кийин, бирок саат 23төн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор добуш берилүүчү жайда турган саясий партиялардын талапкерлеринин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү