БШК округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу сарптоого окутту

15 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү тартиби жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчёттуулукту түзүү боюнча окутуу өткөрдү.

Тренинг 2020-2021жылдардын мезгилинде шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын чыгымдарын максаттуу сарптоо боюнча аудиттин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары, атайын өкүлдөрү жана бухгалтерлери үчүн уюштурулду.

Катышуучуларга ачыктык жана каржылык айкындуулук принциптерине жооп берүүчү шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байланыштуу маселелери түшүндүрүлдү. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы процессти уюштуруу үчүн эң керектүү иш-чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү жөнүндө ОШК төрагаларына жана бухгалтерлерине маалымат берилди.

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралар боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары кабыл алынган мыйзам жол-жоболоруна ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. БШК процессти уюштуруу үчүн керектүү гана иш-чараларды эске алуу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында уюштуруу иштери/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн белгиленген ченемдерди, коэффициенттерди, лимиттерди, ставкаларды колдонуу менен чыгымдардын толук сметасын түздү. БШКнын каржылык айкындуулугун арттыруу максатында чыгымдардын корголгон беренелери – эмгек акы, Соцфондуга чегерүү, кызматтык иш сапарга сарптоолор, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (окутууга сарптоолор: тамактануу, суткалык чыгымдар) боюнча гана акча каражаттарын төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнү камтыган бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча эсепке алууга жана отчёттуулукка карата жаңы ыкмаларды түздү.

Окутуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыначылыгынын аймактык бөлүмчөлөрү бюджетти кассалык жактан аткаруу үчүн ОШК/АШКларга республикалык бюджеттин чыгымдары боюнча убактылуу казыналык эсептерди ачып жатышканы түшүндүрүлдү.

Акы төлөөлөр накталай түрдө жүргүзүлөт. ОШК/АШКларда турган бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.

ОШК/АШК өз ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү