БШК «Легалайз» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
15 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-ноябрында өткөн жыйналышында «Легалайз» саясий партиясы көрсөткөн Ибраев Бакыт Таштанбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Легалайз» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Б.Ибраевдин өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
