БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түштү

06 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 6-ноябрында өткөн жыйналышында №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Калматов Талас Сагынбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү