БШК «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 2 талапкерди чыгарды

05 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 5-ноябрында өткөн жыйналышында «Ынтымак» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен кийинкилерди чыгаруу чечимин кабыл алды:

  • Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичти;
  • Келдибаев Сагындык Аширалиевичти.

Чечим Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичтин жана Келдибаев Сагындык Аширалиевичтин «Ынтымак» саясий партиясынын  талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 3-ноябрындагы өз арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү