БШК Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
03 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 3-ноябрда Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Жусубалиева Марина Буркановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Орозалиева Мээрим Айбековна Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Б. Жусубалиеванын шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
