Саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө үгүт жүргүзүү эрежелери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо жөнүндө айтып беришти

01 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга катталган саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Үгүт жүргүзүү жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген тема боюнча тренинг өткөрдү.

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев 2021-жылы 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү этабы башталганы, ал 2021-жылдын 27-ноябрынын саат 08.00үнө чейин созулаары тууралуу маалымдады.

Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген обо убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок экендиги катышуучулардын эскертилди: талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга, тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого, кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга, талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.

Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдындагы үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтире турган маалыматты жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретиндеги төгүндөөнү же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүндүк берилбеши бул жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

жоопкерчиликке тартууга жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан ажыратууга негиз болушу мүмкүн.

Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү экендиги белгиленди.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат. Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.

Көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, башка саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.

Ошондой эле тренингде шайлоо талаш-тартыштары, аларды кароо мөөнөттөрү жана жол-жоболору окутулуп, үйрөтүлдү. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарында каралган, анын өзгөчөлүктөрү мында: шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкары тартипте ишке ашырылуучу көп сандагы санкциялар;

ошондой эле шайлоо укугунда санкциялар кыска убактагы мүнөзгө ээ болот б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары белгилүү бир шайлоо өнөктүгү мезгилинде гана колдонулат.

Шайлоо комиссиялары субъектиге анын шайлоо укуктарын бузуу, чечим чыгаруу, аракет (аракетсиздик) жасоо жөнүндө белгилүү болгондо токтоосуз түрдө – бирок 3 календарлык күндөн кечиктирбестен даттанууларды жана кайрылууларды карайт. Арыз (даттануу) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө тийиш эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин арыз (даттануу) кабыл алынбайт. Арыз (даттануу) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандын, аракет (аракетсиздик) жасалгандын эртеси башталат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү