БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арыз түштү
30 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 30-октябрда өткөн жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө арыздарды карап, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Атап айтканда, төмөнкүлөр арыз беришти:
- Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
