БШК «Эл Үмүтү» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады
27 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында «Эл Үмүтү» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21, 41, 59, 60, 61-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
27-октябрга карата төмөнкү 9 партия катталды: «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру», «Альянс», «Эл Үмүтү».
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
