Бишкекте алдыдагы парламенттик шайлоодо кастык тилин колдонууну азайтуу маселеси талкууланды
27 октября 2021
Бишкекте “Жарандык платформа” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жана Демократия үчүн Вестминстер Фонду (WFD) менен биргеликте уюштурган “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо: Кастык тилсиз шайлоо өнөктүгү” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Депутаттар жана депутаттыкка талапкерлер, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан иш-чара таза шайлоо жана эффективдүү үгүт жүргүзүү, шайлоо процессинин катышуучуларынын кастык тилин колдонгон аракеттерге жол бербөө үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүүгө багытталган.
КР БШКнын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, үгүт өнөктүгү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн календардык планына ылайык 2021-жылдын 29-октябрынан башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 08.00гө чейин уланат. Алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн негизги жаңычылдыктары, анын ичинде шайлоочуларды акча каражаттарын төлөп берүү; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу; товарларды жеңилдетилген баада сатуу; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүү аркылуу сатып алууга тыюу салынгандыгы белгиленди.
Талапкерлер, талапкердин жубайы, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлердин жана: саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерин, футболкаларын, баш кийимдерин, моюн орогучтарын гана таратууга болот.
Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү экендиги белгиленти.
КР Журналисттеринин көз карандысыз союзунун төрагасынын орун басары, КР БШКнын маалымат маселелери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү Семетей Аманбеков “Кастык тили деген эмне? Кастык тилин таануу” деген темасында аймактарда өткөн тренингдер тууралуу маалымат берди. Үгүт мезгилиндеги кастык тилинин укуктук жана практикалык негиздери тууралуу айтылды, аны колдонуу жана жайылуу коркунучун азайтуу боюнча сунуштар берилди.
Семетей Аманбековдун айтымында, «Жарандык платформа» КФ тарабынан КР ЖКга шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жаштар жана жарандык активисттер үчүн жек көрүүнүн жана кастыктын тилине үндөөнүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тренингдер Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлдү. Тренингдердин жүрүшүндө жаштардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге кастык тилин азайтуу боюнча түзүлгөн кайрылуусу, тегерек столдун катышуучуларына тааныштырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

