БШК дагы 6 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады
24 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2021-жылдын 24-октябрындагы жыйынында «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру» саясий партиялары тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына дал келет.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" жана "Ынтымак" саясий партияларынын тизмесинен бирден талапкерди чыгарды. "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмесинен талапкер жогорку кесиптик билими тууралуу документти тапшырбагандыгына байланыштуу чыгарылган. "Ынтымак" саясий партиясынын тизмесинен талапкер конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык өз убагында кызмат ордунан кетпегендигине байланыштуу чыгарылган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
