БШК Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди

22 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрда Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

Жайыл округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Кожокеева Бактыгүл Токтосуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Өмүрзакова Гүльнара Мергенбаевна Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.

Кочкор округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Деркенбаев Карыпбек Момункулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Рысбаев Топчубек Акимжанович Кочкор аймактык шайлооъ комиссиясынын курамынан комиссиянын курамына киргизилсин.

Кара-Кулжа округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Абдибает кызы Гүлдара жана Эсенбаева Миргүл Эсенбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Торобекова Назгүл Ногойбаевна – Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан, Додоев Уланбек Абдимиталипович Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Кулибаев Усеналы Далибаевич, Аширова Гүлбарам Абдраимовна, Суеркулов Келсинбек Тажымырзаевич жана Абдымаликова Гүлзада Жумабаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Токталиева Айжаркын Карыбековна, Мырзаканов Улан Нуржанович, Чому кызы Мээрим – Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан, Исираилов Улан Токтоналиевич Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жан ареферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү