БШКда шайлоочуларды идентификациялоо тутуму тесттен өткөрүлдү

21 октября 2021

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда шайлоочуларды идентификациялоо тутумун тестирлөө жүргүзүлдү.

Шайлоочунун идентификациясы, б.а. тийиштүү базалык маалымат ресурстарында камтылган маалыматтар менен бирге шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтарын салыштыруу аркылуу анын инсандыгын тастыктоонун жол-жобосу, арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоону участкалык шайлоо комиссиясында, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүдѳ, ошондой эле добуш берген күнү ишке ашырылат.

Кыргызстандын аймагында идентификациялоону идентификациялоочу оператор, республиканын чегинен тышкары - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкери жүргүзөт, ал арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоого жооп берет. Идентификациялоочу операторго идентификациялоо системасына кирүүсү үчүн ѳздүк логин жана пароль берилет, ал үчүнчү жакка берилүүгѳ жана жарыя кылынууга жатпайт. Логинди жана паролду алганда идентификациялоочу оператор милдетүү түрдѳ жарандардын жеке маалыматтарын жарыя кылбоо жѳнүндѳ жана жеке маалыматтар жѳнүндѳ мыйзамдарды бузган учурда юридикалык жоопкерчилик тууралуу милдеттенменин формасын толтурат.

Шайлоочуларды идентификациялоо тийиштүү аралыкта, тарапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнүн жана байкоочулардын шайлоочулдарды идентификациялоо жана мониторинг жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган шартта жүргүзүлѳт. Мында талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнѳ жана байкоочуларга кѳрүнгѳн жерде илинген монитордо тѳмѳндѳгү маалыматтар жазылуу болот:

  • ошол шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
  • идентификациядан ѳткѳн, ушул учурда ошол шайлоо участкасында идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек алган шайлоочулардын саны;
  • идентификациядан ѳткѳн шайлоочунун фото сүрѳтү, ФАА;
  • жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүгүнѳ жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте БШК белгилеген башка маалыматтар.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын айтуунча, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды идентификациялоо жаатында добуш берүүнү уюштурууга даяр.

“Автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) үчүн программа иштелип чыгары менен эки участкада тийиштүү участкадагы реалдуу шайлоочулар менен тесттик добуш берүү жүргүзүлөт: бири – шаарда, экинчиси – айыл жергесинде. Бул эки бюллетень боюнча добуш берүүгө канча убакыт кетерин аныктоого, аталган тутум кандай иштерин көрүүгө мүмкүндүк берет. Эгер кандайдыр бир маселелер пайда болсо, аларды добуш берүү күнүнө чейин чечүүгө болот.

Шайлоо күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоочулар алган добуш берүү үчүн чектерди добуш берүү үчүн бюллетендерге алмаштырышат. Эгерде шайлоочулар кандайдыр бир күмөн санаса, алар жыйынтыктоочу отчетту оператордун чектери менен салыштыра алышат.

Идентификациялоо технологияларды жана автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуунун натыйжасында Кыргызстанда добуштарды туура эсептөөгө жетише алдык. Добуш берүүнүн купуялыгына мамлекет кепилдик берет. Бүгүн мамлекет башчысынан бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо процессинде комиссиялардын ишине кийлигишүү болбошу керек деген абдан маанилүү билдирүү келди”, - деди Шайлдабекова.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү