БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
20 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-октябрында өткөн жыйналышында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Токтом шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүү жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы №457 Жарлыгы менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
