2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

19 октября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 18-октябрында саат 24-00дө Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады.  Көрсөтүүнүн субъекттери тарабынан берилген документтердин дал келүүсүн текшергенден кийин, Кара-Суу АШК 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Шаардык кеңештердин аталышы

Партиялардын аталышы

Мандаттардын саны

Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны

эркек

аял

 
 

Ош облусу

 

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары

 

1

Кара-Суу  шаардык кеңеши

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы

31

52

35

17

 

2

“Эл Үмүтү” социалдык саясий партиясы

49

33

16

 

 

Бардыгы:

2

31

101

68

33

 
               

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштуруу тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү