БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Ражапбаев Арсланбек Шукуруллаевичке өткөрүп берди

19 октября 2021

КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ражапбаев Арсланбек Шукуруллаевичти “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.

КР БШК токтому менен Ражапбаев Арсланбек Шукуруллаевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү