БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-октябрындагы жыйналышында “Өнүгүү-прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жутанов Алмазбек Токтоназаровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК “Өнүгүү-прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык А.Т. Жутановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жутанов Алмазбек Токтоназаровичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
