БШК кээ бир шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

17 октября 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  17-октябрындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун № 2301, №2302, №2300,  Сузак районунун № 2011, Ош облусунун Кара-Суу районунун №5508, Талас облусунун Талас районунун №6088 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2300 шайлоо участогунун дареги Тоскоол айылы, Тоскоол-Ата, 59 көчөсүндөгү Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратынан Кызыл-Токой айылы, Кут-Билим, 5 көчөсү дареги боюнча Б.Камчыбеков атындагы орто мектептин имаратына;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2301 шайлоо участогунун дареги Сумсар айылы, Кундуз-Дөбө, 56 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн  имаратынан Сумсар айылы, Кундуз-Дөбө, 42 көчөсү дареги боюнча Сумсар орто мектебинин имаратына;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2302 шайлоо участогунун дареги Шекафтар айылы, Пиклубный, 7 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн  имаратынан Шекафтар айылы, Ленин, 44 көчөсү дареги боюнча Ю.Гагарин атындагы орто мектептин имаратына;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2011 шайлоо участогунун дареги Сузак айылы, А.Юнусов, 2 көчөсүндөгү Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынан Сузак айылы, Сарык-Аксакал, 1 көчөсү дареги боюнча Ю.Гагарин атындагы орто мектептин имаратына;

- Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5508 шайлоо участогунун дареги Зарбдар айылы, Сулайманов көчөсүндөгү чайкананын имаратынан Зарбдар айылы, Сулайманов көчөсү дареги боюнча Ч. Айтматов атындагы орто мектептин имаратына;

- Талас облусунун Талас районунун № 5508 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу айылы, Кудакке уулу Темиркул, 37 көчөсүндөгү айылдык клубдун имаратынан Зарбдар айылы, Кудакке уулу Темиркул, 37 көчөсү дареги боюнча Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектептин имаратына.

Чаткал, Сузак, Кара-Суу жана Талас округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Токтом Чаткал, Сузак, Кара-Суу жана Талас округдук шайлоо комиссияларынын шайлоо участокторунун орун-жайларынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу № 2301, №2302, №2300, №2011, №5508, 6088 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү