Балыкчы шаарында саясий партияларды жана талапкерлерди үгүттөө эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

15 октября 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Балыкчы шаарында талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы октуучу тренинг уюштурду. 

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүттөө эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев катышуучуларга шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу маалымат берди. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында, саат 8:00дө аяктай тургандыгы да айтылды. Шайлоо өнөктүгү учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын макулдугу жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоо фонддоруна түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынат.

Шайлоо алдындагы үгүттөө катары тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн же аларга каршы добуш берүүгө чакыруу; айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата артыкчылык берүү; талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлаганда же шайлабаган учурда мүмкүн болгон кесепеттерди сүрөттөө; - талапкердин кесиптик ишмердигине же анын өз кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган ишмердиги тууралуу маалыматты таркатуу эсептеле тургандыгы түшүндүрүлдү.

Шайлоону өткөрүүдө үгүттөө иштери жалпыга маалымдоо каражаттары; стадиондордо жана калк жайгашкан пункттардагы көчөлөрдө концерттерден жана театралдаштырылган көрсөтүүлөрдөн тышкары, эл алдындагы үгүттөөчү  иш-чараларды өткөрүү (митингдер, жыйындар, телеберүүдөгү дебаттар); спорттук иш-чаралар; басма сөз, аудиовизуалдык жана башка үгүттөө материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу; Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган дагы башка формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн;  

Шайлоо алдындагы үгүттөө иштери менен алектенүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, дин ишмерлерине, кайрымдуулук ишмердүүлүк менен алектенген уюштуруучуларга жана уюмдун мүчөлөрүнө, 18 жашка чыга электерге, чет элдик жарандарга жана уюмдарга, жарандыгы жок адамдарга, аймактык коомдук кызматкерлерге тыюу салынат. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында тараган чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өтүп жаткан учурда чет элдик теле- жана радиопрограммаларды ретрансляциялоо жазып алуу аркылуу ишке ашырылат. Талапкерлердин, саясий партиялардын  намысына, кадыр-баркына жана кызмат беделине шек келтирген маалыматты таркатуучу теле- жана радиопрограммаларды ретрансляциялоого тыюу салынат. Бул учурда мындай маалыматтарды жайылтуу үчүн жоопкерчилик жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жүктөлөт. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү