КР БШК Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
13 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 13-октябрында өткөн жыйналышында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2021-жылдын 1-ноябрына дайындады. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Чынгыз Ашырбекович өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
