БШК каттоо жана үгүттөө маселелери боюнча талапкерлер жана саясий партиялар үчүн окутуу уюштурат
11 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар үчүн 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоого катышуу маселеси боюнча окутуу өткөрмөкчү. Бул тууралуу БШК мүчөлөрүнүн жыйынында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова билдирди.
Анын айтуунча, 13-октябрда өтүүчү окутуу тренингинде талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүттөө эрежелери тууралуу, анын ичинде телеберүү жана радио боюнча, жалпыга маалымдоо басма сөз каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу негизги эрежелер боюнча маалымат жана консультация ала алышат. Мында массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөө эрежелери; басма сөз, аудиовизуалдык жана башка үгүттөө материалдарын чыгарууга жана жайылтууга карата талаптар тууралуу айтылмакчы. Катышуучулар оюн эркин билдирүү укуктарын чектөөнүн мыйзамдык алкактарын, комиссиялар, сот органдары тарабынан шайлоо талаш-тартыштары кандайча каралары тууралуу биле алышат. Иш-чара онлайн жана оффлайн режиминде өтөт.
14-октябрда КР БШК оффлайн жана онлайн режиминде бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо маселелери боюнча оффлайн жана онлайн режиминде семинар өткөрөт. «Е-талапкер» программасына маалыматтарды киргизүү тартиби; шайлоо фондун түзүү, шайлоо күрөөсүн төлөө тууралуу маалымат берилет. Талапкерлерге жана партияларга шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалуусу боюнча отчетторду берүү; шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттарды кайтаруу тартиби тууралуу айтып беришет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
