Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окутуу өткөрүлдү
10 октября 2021
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында уюштурулган “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында тренинг болуп өттү.
Тренингге депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери катышты.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жана документтерин берүү тартибин түшүндүрүүчү блоктон башталды. КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарын схемасын жана чек араларын түзүү принциптерин түшүндүрдү.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда аяктагандыгы айтылды (2021-жылдын 13-октябрга чейин кошуп алганда). Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер көрсөтүлүп жаткан шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү тууралуу чечим жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн (100 000 сом) төгөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга шайлоо талаш-тартыштарын көрсөтүү жана карап чыгуу мөөнөтү жана тартиби, конституциялык жоопкерчилик, каржы айкындуулугу тууралуу айтып беришти. Ошентип, жарандын өз шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат. Шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын ишине же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу, анын ичинде, комиссиянын чечимдерине таасир этүү максатында кызмат ордун жана кызмат абалын пайдалануу менен байланышкан иштерине кийлигишүү аркылуу шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын иштерине тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талабы же көрсөтмөсү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү иштерине же IV категориядагы айып салууга жазаланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жасаган ошол эле жосун IV категориядагы түзөтүү иштерине же V категориядагы айып салууга жазаланат.
Чогулгандарга талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу айтып беришти. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулгандыгы белгиленди. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен (талапкерлерге тиешелүү ОШКнын уруксаты менен) саясий партия, талапкер тарабынан ачылат.
Саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон өз каражаттарынан;
- саясий партиянын эсептик көрсөткүчтөн 100 000 0 эседен ашуусу мүмкүн болбогон өз каражаттарынан;
- жеке жактардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
- укуктук жактардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.
Шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши тууралуу айтылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого шайлоо алдындагы үгүт 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин саясий партиялар, талапкерлер менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү








