Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
08 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-октябрындагы жыйналышында 2021-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Нуржанов айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Нуржанов айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жайнаков Алмазбек Аманбекович, Исмаилов Касым Асеинович, Эшимбеков Куттубай Токонович катталган. Добуш берүүгө Нуржанов айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышкан. А. Жайнаков – 6 добуш, К. Исмаилов – 0 добуш алды, К. Эшимбеков – 5 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жайнаков Алмазбек Аманбекович Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
