БШК Ош облусунун Ноокат районундагы № 5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
06 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-октябрындагы жыйынында Ош облусунун Ноокат районундагы № 5526 шайлоо участкасынын дарегин Жаш айылы, Ысаков Пазыл көчөсүдө жайгашкан толук эмес орто мектептин эски имаратынан, Жаш айылы, Жаш көчөсү – 5 дарегинде жайгашкан орто мектептин жаӊы имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды.
Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Токтом Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын шайлоо участкасынын имаратынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык, № 5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
