БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүн бекитти

03 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти.

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамынын 4, 8-беренелерин, жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү

Эл аралык байкоочунун күбөлүгү – анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.

Күбөлүк түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө (1-тиркеме) келтирилди. Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта БШКнын логотиби жайгашкан.

Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун логотиби жайгашкан.

Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, аккредитация жөнүндө БШКнын токтомунун датасы жана номуру көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлөт.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын БШК төрагасынын колу коюлат, ал Кыргыз Республикасынын БШКсынын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү жана аны колдонуу шарттары көрсөтүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү