«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт
01 октября 2021
2021-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинен КР БШКга түшкөн билдирмесин эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү менен Көчөрбаева Зульфия Ирисовнаны, Исланбекова Бактыгуль Исланбековнаны, Джанаева Ольга Николаевнаны «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин коомдук байкоочулары катары каттоону чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы билдирмесинин жана 2021-жылдын 28-сентябрындагы жолдомосунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
