Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планы бекитилди
28 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өктөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 жарлыгына ылайык, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүүнү, ал эми Министрлер Кабинети шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү карайт.
Президенттин жарлыгын ишке ашырууда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өктөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планы кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:
- бир жана көп мандаттуу округдарды түзүү – 2021- жылдын 9-октябрына чейин;
- шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү - 2021- жылдын 9-октябрына чейин;
- шайлоочулардын алдын ала тизмесин калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен түзүү жана жүктөө – 2021-жылдын 29-сентябрына чейин;
- шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда);
- шайлоо участкаларынын чектерине ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло шайлоочулардын тизмесин түзүү – 2021-жылдын 18-ноябрына чейин;
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:
- шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө 40 календарлык күн калганда (2021-жылдын 18-октябрына саат 24.00гө чейин);
- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү - добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-октябрына саат 24.00гө чейин);
- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо - добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганда (2021-жылдын 28-октябрына чейин);
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү - добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганда (2021-жылдын 28-октябрына саат 24.00гө чейин);
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо - добуш берүү күнүнө 20 календарлык күн калганда (2021-жылдын 8-ноябрына чейин);
- шайлоочуларга тизмелер менен таанышуунун зарылдыгы жөнүндө маалымат берүү – 2021-жылдын 4-октябрына чейин;
Шайлоо алдындагы үгүт иштери:
- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү – шаардык кеңештерде 2021-жылдын 29-октябрында, айылдык кеңештерде 2021-жылдын 8-ноябрында башталып добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт (2021-жылдын 27-ноябрында саат 8.00дө);
Добуш берүүнү өткөрүүнүн тартиби:
-добуш берүүнү добуш берүү жайларынан сырткары өткөрүү - добуш берүү күнүнө бир календарлык күн калганда (2021-жылдын 27-ноябрында);
- добуш берүүнү өткөрүү - 2021-жылдын 28-ноябрында 8.00дөн 20.00гө чейин;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо - 2021-жылдын 18-декабрына чейин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
