БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Э.Т. Аширбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

26 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында №24 Сокулук шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Элкинбек Токтогонович Аширбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоого алды.  

Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Э.Т. Аширбаев Э.А. Суюндуковду дайындады. 

Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талакерлердин шайлоого катышуусу тууралуу билдирүү шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45календарлык күн калганда, б.а. 13-октябрда (кошуп алганда) аяктайт. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү