КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

21 сентября 2021

КР БШК 2021-жылдын 21-сентябрындагы жыйналышында Ош, Ысык-Көл, Балыкчы, Араван, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин (№7, “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ош шаарындагы “Мен жана Мыйзам” адвокаттар коллегиясынын адвокаты Баетов Болотбек Талайбековичке (№20, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Кокочоров Долатбек Курманбековичтин (№17, “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаты Таалайбек уулу Бакыттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Кара-Ой жаштар ынтымагы” КБ директору Укаев Адилет Бейшебековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаты Арыкбаев Алмаз Сыртбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мектеп мугалими Акелеева Динара Доскалиевнага өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айылдык кеңешинин депутаты Малабеков Кылычбек Шукурбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат №82 КЛ мугалими Исмакеев Калыс Түлөбаевичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айылдык кеңешинин депутаты Тентимишев Султан Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Чунуров Аскат Доктурбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айылдык кеңешинин депутаты Момбекова Бактыбека Карыповичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат АСП суу бөлүштүргүчү Токишев Бактияр Төлөмбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Данияр Туратбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Исмаилов Токтобек Турдубековичке өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Нарынбек уулу Адилеттин (№1, “Ата-Журт” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Орозгожоев” ЖЧК директору Орозгожоев Марс Бектуровичке (№4, “Ата-Журт” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Эшматов Рахманали Суюмбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Адан” дыйкан чарбасынын мүчөсү Адан уулу Акылбекке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Азимова Зарифа Жураевнанын (№16, “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Махман-ажы” дыйкан чарбасынын мүчөсү Асанова Насиба Акимовнага (№9, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Полотов Жаныбек Токтосуновичтин (№19, “КСДП” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сатыкулов Белек Исабековичке (№25, “КСДП” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Мындан тышкары КР БШК Балыкчы АШКнын төмөнкү талапкерлерди талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитти:

- Сапарбекова Бегайым Сапарбековна (№9) (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы);

- Нарынбекова Гүлзат Нарынбековна (№12) (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы);

- Усубалиева Салтанат Дүйшенбековна (№15) (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы);

- Рысалиева Эльнура Турарбековна (№18) (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы).


 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү