«Улуттар Биримдиги» партиясында жаӊы ыйгарым укуктуу өкүлдөр катталды
16 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-сентябрындагы жыйналышында “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Р.Б. Болотбековду жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл У.К. Аргынбекованы каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген күбөлүктөр жараксыз деп таанылды.
“Улуттар Биримдиги” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.К. Казиев, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.Т. Абдылдаева катталды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
