БШК “Эркин Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты
06 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Эркин Кыргызстан” саясий партиясынын Т. Бакир уулу сунуштаган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты.
2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына каттоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөтүлүп, Т. Бакир уулунун колтамгасы менен “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөн саясий партиялардын тизмесинде “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) саясий партиясынын жетекчиси Алымкулов Раис Термечикович, акыркы катталган/кайра катталган датасы 2001-жылдын 9-ноябры көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясына “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) саясий партиясы берген билдирмеде Т. Бакир уулунун колтамгасы коюлган, билдирмеге 1997-жылдын 27-февралында мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген.
Аталган билдирмени кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү документтерди кабыл алуу жана каттоо боюнча Жумушчу топ тарабынан көрсөтүлгөн дал келбестиктер жөнүндө билдирме берилген.
2021-жылдын 6-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) прогрессивдүү-демократиялык партиясы” саясий партиясынын жетекчисине жана мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн аныктыгына байланыштуу актуалдашкан маалымат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине суроо-талап жиберген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2021-жылдын 6-сентябрындагы катында Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарына ылайык Алымкулов Раис Термечикович “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) прогрессивдүү-демократиялык партиясы” саясий партиясынын жетекчиси болуп саналарын билдирди.
Мындан тышкары, 1997-жылдын 27-февралында мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүккө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Юстиция министрлигинин 2001-жылдын 9-ноябрындагы буйругу менен көрсөтүлгөн саясий партияны мамлекеттик кайра каттоо жүргүзүлгөндүгүн жана мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилгендигин, ошондуктан тиркелген мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк жараксыз болуп саналарын билдирди.
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат”.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
