КР БШК партияларды парламенттик шайлоого катышуу маселелери боюнча семинарга чакырат

03 сентября 2021

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялардын эсине!

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 7-сентябрда саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме берген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн 1-семинар өткөрөт.

Партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана кеңеш алат:

- жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

- документтерди берүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин каттоо тартиби;

- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;

- шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби.

Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү