Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

16 августа 2021

2021-жылы 16-августта Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Дүйшөнбек уулу Амантур катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дүйшөнбек уулу Амантур Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды, ал үчүн Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты добуш берди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү