БШК Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттады
02 августа 2021
2021-жылы 2-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүк, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди берүү чечимин кабыл алды.
Маалымат үчүн: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы Жарлыгына ылайык 2021-жылдын 11-июлунда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп ѳттү.
Кайталап шайлоодо 7% босогодон ѳтүү менен, катталган 7 партиядан 5 саясий партия Токмок шардык кеңешине ѳткѳн, мандаттар тѳмѳндѳгүдөй бөлүштүрүлгөн:
- «Бирге-Вместе» - 28,28% (9 мандат);
- «Эмгек» - 24,83% (8 мандат);
- «Асыл Мурас-Жаштар» - 16,67% (5 мандат);
- «Патриот Ынтымагы» - 13,70% (5 мандат);
- «Эл Биримдиги» - 12,14% (4 мандат).
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-июлундагы токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылган, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилген.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
