Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо тартиби жөнүндө
01 августа 2021
“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 23, 25-беренелери, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо
Шаар мэри тиешелүү шаардык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.
Шаар мэри кызмат ордуна талапкерди (мындан ары – талапкер) көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
Шаар мэрин шайлоо жаңы шайланган тиешелүү шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаар мэрин шайлоо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Эгерде шайлоого тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаар мэринин кызмат ордуна шайлоо өттү деп эсептелинет.
Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптар:
Жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек жана Ош шаарларынын мэри боло алат.
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары шаар мэри боло албайт:
- талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган;
- соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби
Талапкерди каттоо үчүн шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен саат 18:00гө чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызын;
3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтарын;
4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди;
5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты;
7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.
Тийиштүү шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3 календарлык күндүн ичинде ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүндө жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтердин берилбегендиги;
5) шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин аймактык шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
