Өткөрүү датасы:13-июль 2021-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 7 - июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жайыл, Кемин, Бакай-Ата, Аксы, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Алай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ар кандай маселелер
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, КР БШКнын 2021-жылдын 23-июнундагы токтомунун Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын 2021-жылдын 10-июнунда болуп өткөн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 7 –июлундагы токтомун талкулоо