Бузуу фактылары жөнүндө кайрылуу үчүн телефондор
11 июля 2021
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын өкүлдөрүн жана талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын бузуучу, шайлоочулардын добуштарын мыйзамсыз жол менен ээлөө ыкмаларын колдонуучу аракеттерге жол бербөөгө чакырат.
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо мыйзамдарын бузуунун күбөсү болуп калсаңыз ал фактылар тууралуу баардык үч шаарда түзүлгөн Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы өтүнөт. Мыйзам бузуулар жөнүндө төмөнкү даректер боюнча билдирүүгө болот:
Кыска номур – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Жарандардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары үчүн – 0502001255
Телефон доверия – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого жигердүү катышууга, өз өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн аң-сезимдүү жана эркин тандоо жасоого чакырат.

