Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 517 адам киргизилди

Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 517 адам киргизилди

11 июля 2021

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесине бардыгы 617 517 шайлоочу киргизилди. Бишкекте – 426 699, Ошто – 152 718 жана Токмокто – 38 100 шайлоочу киргизилди.

Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Депутаттык мандаттар шайлоочулардын 7%ынан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добуштарынын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого 26 саясий партия катышууда, алар жыйындысында 2 204 талапкер көрсөттү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайларга кирүүгө мүмкүн болушунча толук шарт түздү. Шайлоо комиссияларын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө кунт коюп мамиле жасоону өтүнөбүз.