Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо боюнча маалымат
26 июня 2021
2021-жылы 26-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо болуп өттү.
Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Буланбеков Уланбек Эсенбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Буланбеков Уланбек Эсенбекович Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
