Бишкек АШКнын ЫЧКТ жыйналышында укук коргоо органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды

25 июня 2021

2021-жылы 24-июнда Бишкек шаар мэриясынын имаратында 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧКТ) жыйналыш өткөрдү.

Бишкек АШК башчысы Кайрат Маматов 2021-жылы 11-апрелде өткөн шайлоодо аткарган иштери үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ыракмат айтып, добуштарды сатып алуунун жана администрациялык ресурсту пайдалануунун мүмкүн болуучу фактыларын аныктоого чакырды.

Борбор ИИББ үйлөргө жана батирлерге мүмкүн болуучу жапырт каттоого бөгөт коюу, ошондой эле добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга жол бербөө максатында Бишкек шаарынын ар бир районунда ыкчам-тергөө топторун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле жыйналышта укук коргоо органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү