Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
23 июня 2021
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер.
Мамлекеттик кызматчы болуу – бул жигер, күн сайын ак ниеттүү, сапаттуу эмгекти, өз учурунда туура чечимдерди жана чечкиндүү аракеттерди көрүүнү, жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин, жарандык жана кесипкөйлүк эстүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, мыйзамдын жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган Сиздердин күндөлүк иш-аракеттериңиз, биздин элдин бакубат жашоосунун өсүшүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине болгон ишенимди жана сый-урматты жогорулатууга көмөктөшөт.
Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, Кыргызстан калкына кызмат кылуу жагындагы асыл иштериңизди арттырууда ийгиликтерди каалайм!
Урматтоом менен,
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова

