Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоо аяктады
20 июня 2021
2021-жылы 20-июнда Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттады:
«Биздин Кыргызстан»;
«Бир Бол»;
«Бүтүн Кыргызстан»;
«Келечек-Будущее»;
«Улуттар Биримдиги»;
«Ата-Журт Кыргызстан»;
«Ынтымак»;
«Нур»;
«Уулу Журт».
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 9 саясий партия тарабынан 763 талапкер көрсөтүлдү, 693 талапкер санында талапкерлердин тизмеси катталды. Мында ар кандай себептер менен 70 талапкерди каттоодон баш тартылганын белгилейбиз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
