КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

13 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 13-июнундагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек, Чүй облусунун Москва районунун Садовое жана Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Өрүктү, Ак-Суу районунун Челпек жана Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Жалал-Абад облусу боюнча:

2021-жылдын 11-июнуна дайындалган Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган талапкерлер депутаттардын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Көк-Серек айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чүй облусу боюнча:

2021-жылдын 11-июнуна дайындалган Москва районунун Садовое айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган эки талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын тең сандагы добуштарын алгандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Садовое айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.

2021-жылдын 11-июнуна дайындалган Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысын шайлоодо белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.

Талас облусу боюнча:

2021-жылдын 11-июнуна дайындалган Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.  Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Ысык-Көл облусу боюнча:

2021-жылдын 11, 12-июнуна дайындалган Ысык-Көл районунун Ананьево, Өрүктү айыл өкмөт башчыларын шайлоодо белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

2021-жылдын 11-июнуна дайындалган Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

2021-жылдын 12-июнуна дайындалган Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калган.

Ак-Суу районунун Челпек, Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөт башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

 

Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү