Талас облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
11 июня 2021
2021-жылы 11-июнда Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу, Өмүралиев, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш, Кара-Буура районунун Ак-Чий, Чолпонбай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Касымбеков Анарбек Каймазарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Касымбеков Анарбек Каймазарович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Суу айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Өмүралиев айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Надырбеков Замирбек Медербекович, Толошов Данияр Шабданович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Надырбеков Замирбек Медербекович Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Өзгөрүш айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Кемелбек уулу Максат, Молдокулов М, Шайымкулов К. катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кемелбек уулу Максат Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Чий айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – К. Маткеримов Айдар Сыйдабекович, Айталиев Туран
Максутович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айталиев Туран
Максутович Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чолпонбай айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 11и добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
